Тажикстан бет кап чыгарып Италияга жөнөтүп жатат

Тажикстан Италияга этап-этабы менен жалпы жонунан 11 миллион бет кап жеткирүүнү пландап жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тажикстан Италияга 800 миң даана бет кап жөнөттү. Бул туурасында Sputnik Таджикистан билдирди.

Тажикстанда Кыргызстандан COVID-19 жуктуруп барган киши өлдүбү? Бийликтин жообу
Бүгүн эртең менен бет кап жүктөгөн “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын самолету учуп кеткени айтылат. Ал Верона шаарындагы италиялык адистерге жеткирилмекчи.

Жалпы жонунан Тажикстан Италияга 11 миллион бет кап жеткирүүнү пландоодо. Ал мындан ары этап-этабы менен жөнөтүлүп турат.

Мындай келишим тажикстандык “Жавони” ишканасы менен италиялык САТМ компаниясынын ортосунда түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Тажикстанда расмий түрдө бир дагы адамга коронавирус жукканы айтыла элек.