Штаб: төрт миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтууну каалап жатат

Дүйнөдө коронавирус тарагандан баштап Кыргызстанга 6767 адам кайтып келген. Эми дагы миңдеген жаран өлкөгө кайтууга ниеттенип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ушул тапта Кыргызстанга Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан төрт миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Дүйнөдө коронавирус тарагандан баштап ТИМ жана башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанга 6767 адам кайтып келген. Эртең, 24-апрелде, Стамбулдан чартердик каттам менен дагы мекендештер келе турганы айтылды.

Буга чейин Новосибирскидеги 300дөн ашык кыргызстандык Бишкекке учуп келери айтылган. Бирок аларга 177 орундуу учак даярдалып, жарымы батпай калган. Мекендештер "Манас" аба майданына келери менен түз эле обсервацияга жөнөтүлгөн.