Кыргызстан Россиядан дагы 11 вагон буудай алып келди

Буга чейин кыргыз өкмөтү Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алууга макулдашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан сатып алынган буудайдын экинчи партиясы келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, келишимдик негизде сатып алынган буудайдын 760 тоннасы 11 вагонго жүктөлүп келди.

Ошто буудай былтыркыдан 900 гектарга көп эгилди
Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет.

Буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу келишимине кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.

Өкмөт Материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү, өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок экенин белгилейт.