Радио

Момункулов: мыйзамга каршы келген китептер архивден алып салынат

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов аталган мекеменин архивинде 1939-жылдан бери чыккан китептердин бирден нускасы бар экендигин айтты.
Sputnik
Момункулов: мыйзамга каршы келген китептер архивден алып салынат

Мыйзамга каршы келген китептер архивден алып салынат. Бул тууралуу Койчуман Момункулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китеп маани-мазмунуна карабастан каттоого алынат.

"Акыркы беш жылдан бери китеп чыгарууда өсүш бар. Алсак, 2019-жылы 1220 аталыштагы китеп каттоого алынды, жалпы нускасы 1 миллион 732 миң 900 болду. Анын ичинен 335 аталыштагы көркөм адабият 230 миң 400 нускада чыккан. Баарынан да кубандырганы — акыркы эки жылда балдар адабияты жакшы өнүгүп жатат. Балдарга арналган китептер 178 миң 800 нуска менен 90 аталышта чыкты. Мекеменин архивинде 1939-жылдан бери чыккан китептердин баарынын бирден нускасы сакталууда. Алардын ичинен мыйзамсыз делингендери архивден алынып, жок кылынат. Акыркы убактарда мыйзамга каршы келген эки учур болду. Ал Бүбү Мариямдын "Айкөл Манас" китеби жана "Мен уйгурмун" деген аталыштагы китеп экстремисттик деп табылып, жок кылынды", — деди Момункулов.

Ошондой эле ал архивде сакталган китептер акыркы беш жылдан бери электрондоштурула баштаганын кошумчалады.