COVID-19: Кытайда сегиз күндөн бери адам өлүмү каттала элек

Портал Кытай бийлигинин расмий маалыматтарына таянып, өлкөдө абал турукташа баштаганын жар салды. Бул мамлекетте бейтаптардын 93 пайызы айыгып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кытайда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен акыркы сегиз суткада бирөө да каза болгон эмес. Бул тууралуу Worldometers порталы маалымдады.

Кытай ноябрда коронавирустун жаңы толкунун божомолдоодо
Басылма Кытай бийлигинин расмий маалыматтарына таянып, өлкөдө абал турукташа баштаганын жар салды.

Аталган мамлекетте жакында коронавирус аныкталган 30 учур катталганы айтылса, бүгүн 10 адамдан эле COVID-19 табылган.

РИА Новости билдиргендей, Кытайда коронавирус жуктургандардын дээрлик 93 пайызы айыкты. Бүгүнкү күндө ооруканаларда миңден ашык эле бейтап калды.

Ошондо жалпы жонунан бул өлкөдө коронавирус жуктурган 82 798 учур катталса, анын 77 207си айыгып чыкты.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.