БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн, 23-апрелде, “Манас” эл аралык аба майданына улуттук Etihad Airways авиакомпаниясынын учагы келип конду. Ага медициналык препараттар менен коргонуучу каражаттар жүктөлгөн. Анын баары коронавирус менен күрөшүү үчүн колдонулмакчы.
ТИМден билдиришкендей, жардам Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Заед аль-Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн негизинде көрсөтүлдү.