Коронавирус эпидемиясын токтотуунун жалгыз жолу аталды

Адистин пикиринде, вирус бейтаптын денесинде биротоло жоголуп кетпей, симптомдорун да билдирбей, "өнөкөт инфекциядай" жүрө берет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Окумуштуулар эмдөөдөн өтүүнү COVID-19 пандемиясын жеңүүнүн жалгыз жолу деп аташты. Изилдөөчүлөрдүн тыянактары Science Alert порталында жарыяланганын РИА Новости жазды.

Коронавирусту жугузуп алуу ыктымалдуулугу жогору учурлар айтылды
Адистердин айтымында, коронавирус менен ооругандардын иммунитети начар болуп саналат. Иммунология профессору Эрик Вивер белгилегендей, организмде вируска каршы жетиштүү антитела топтолушу үчүн үч жумага жакын убакыт талап кылынат. Бирок ал топтолгон учурда деле ден соолукту бир нече ай коргой алат.

Лондон университеттик колледжинин генетика институтунун директору Франсуа Баллоу коронавируска экинчи жолу чалдыгып калгандар бар экендигин эске салган. Анын пикиринде, вирус оорулуунун денесинде биротоло жоголуп кетпей, симптомдорун да билдирбей, "өнөкөт инфекциядай" жүрө бере турганынан кабар берет. Ошол себептен адистер вирустун өзүнөн өзү жоголушу кыйын дешкен.

"Азыркы учурда бирден-бир реалдуу чечим — бул вакцина", — деген австралиялык профессор Арти Клементс.

COVID-19 вирусу дүйнөнү дээрлик каптады. Соңку маалыматтар боюнча, ага эки жарым миллион адам чалдыгып, 160 миңден ашыгы каза болду.