Түндө коменданттык саат кандай өттү? Тартип бузгандардын саны

Коменданттык сааттын эрежесин бузгандардын көбү "салт" болуп калгандай Бишкекте. Андан кийинки орунда Жалал-Абад турат. Ал эми Ноокат районунда бул ирет да тартип бузгандар катталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана 23-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 88 киши бузуп, алты автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

  • Бишкек шаары — 56;
  • Жалал-Абад шаары — 13;
  • Ош шаары — 5;
  • Сузак району — 1;
  • Нарын шаары — 5;
  • Ат-Башы району — 7;
  • Кара-Суу району — 1.

Ноокат районунда адаттагыдай тартип бузгандар катталган эмес.

Новосибирскиден 177 кыргызстандык келип, дароо обсервацияга жөнөтүлдү. Сүрөт
Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 3255 адам кармалды.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.