Бишкек коменданты: орозодо элди топтоп, ооз ачырууга мүмкүнчүлүк болбойт

Калаанын тескөөчүсү Орозалиев ооз ачыруу сооп иш экендигин белгилеп, бирок бул жылдагы кырдаалды эске алуу менен аны өткөрүүгө жол берилбей турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте Рамазан айында ооз ачыруу өткөрүүгө тилекке каршы мүмкүн эмес экенин шаардын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Ал Орозо айында ооз ачыруу сооп иш экендигин белгилеп, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алуу менен аны өткөрүүгө болбой турганын кошумчалады.

"Ыйык айда быйыл дагы да көбүрөөк сабырдуу болууга чакырабыз. Конок чакырып, үйгө элди чогултууга жана көп кишинин катышуусунда намаз окуганга болбойт", — деди комендант.

Эске салсак, орозо быйыл 24-апрелде башталат. Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган болчу. Коопсуздук үчүн ооз ачыруу жана намаздар үйдөн окулушу керектигин белгилеген.