Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Күбөнүн видеосу

Жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз. Жерине куткаруучулар жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Күбөлөр Бишкек шаарындагы беш кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкканы тууралуу кабарлап, видеосун “Бишкек сегодня” Telegram каналына жарыялашты.

Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт 4-кичи райондо жайгашкан №14 үйдүн батиринен чыккан. Саат 13:13тө жерине куткаруучулардын бир унаасы тартылды.

Кошумча маалымат берилет.