Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду

Олег Панкратов кеңешчилик кызматка 2019-жылдын 16-июлунда келген. Ага чейин 2018-жылдан 2019-жылга чейин Экономика министрлигин башкарган. 51 жашта.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

ЕЭКтин Бажы кызматташтыгынын башчысы болуп КР президентинин кеңешчиси келет
Билдирмеге караганда, Панкратов башка кызматка которулгандыктан ушундай чечим кабыл алынган.

Мындан сырткары, президент аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева дагы берген арызына ылайык иштен бошотулду.

Тийиштүү Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөлүгүнө Олег Панкратов келиши мүмкүн экени айтылган.