БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 8" долбоорунун алкагында өлкөдө 1776 жаран жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дыйкан, фермерлерге 20-апрелге карата 1 миллиард 36 миллион 800 миң сом насыя берилген. Анын ичинен "Дыйкан, фермер" категориясына кирген 1737 киши 668 миллион 700 миң сом алган. "Класстер" категориясына кирген 24 кишиге 54 миллион 300 миң сом насыя берилсе, айыл чарба азыктарын кайра иштеткен 15 киши 313 миллион 800 миң сом жеңилдетилген кредитке ээ болушкан.
"Фермер жана дыйкан" категориясы — чакан айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр, анын ичине жеке адамдар да кирет. "Класстер" категориясы — ири айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрү. Ал эми "Кайра иштеп чыгуу" категориясына тамак-аш азыктары жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары камтылат.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.