Боронов: сырттан келчү 500дөй мекендешти кабыл алууга даяр бололу

Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандыктын келиши күтүлүүдө. Андан сырткары, 24-апрелде Стамбул — Бишкек чартердик каттамы менен 350 мекендешти өлкөгө алып келүү пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ыкчам штабдын кезектеги жыйынында мамлекеттик органдар Россия, Түркиядагы мекендештердин жакын арада келишине даярдык көрүшү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандыктын келиши күтүлүүдө. Андан сырткары, 24-апрелде Стамбул — Бишкек чартердик каттамы менен 350 мекендешти өлкөгө алып келүү пландалып жатат. Алардын бардыгы Бишкектеги обсервациялык жайларга жайгаштырылат.

"Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары мекендештерди обсервацияга жайгаштырууда жана андан аркы иш-аракеттерде алгоритм боюнча иштеши керек. Келгендерге шарт түзүп берүү зарыл", — деди Боронов.

Мындан сырткары, Боронов жакында Түркиядан жана Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештердин обочолонуусун көзөмөлгө алуу керектигин да баса белгиледи.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жалпы 612 адамдан аныкталса, анын ичинен 254ү айыкты. Вирус жуктуруп алгандардын ичинен 157си медик. Илдет жети адамдын өмүрүн алган.

Айдарбеков польшалык кесиптешинен кыргызстандыктарга каралашууну өтүндү
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.