ЖМК: Түндүк Корея Ким Чен Ындын ордуна карындашын даярдап жатат

Кечээ жакында америкалык ЖМКлар Түндүк Кореянын лидерине операция жасалгандан кийин анын абалы кескин начарлап кеткенин жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Түндүк Кореяда мамлекет башчысы Ким Чен Ындын ордуна анын кичүү карындашы Ким Ё Чжонду даярдап жатат. Бул тууралуу РИА Новости япониялык "Иомиури" гезитине шилтеме берип жазды.

Түндүк Кореядан качып чыккан саясатчы Түштүк Кореяда депутат болуп шайланды
Басылманын ишенимдүү булактары мындай план чукул кырдаал болуп кетсе деп даярдалып жатканын айтышкан. Маалыматка караганда, 2019-жылдын аягында Түндүк Кореянын Эмгек партиясы "капыстан Ким Чен Ын каза болсо, бийлик анын карындашына өтөт" деген чечим кабыл алган.

Мындан сырткары гезиттин ишенимдүү булактары январь айында Ким Чен Ындын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу Пхеньянга Франциядан дарыгерлердин тобу келгенин билдиришкен. Өлкө башчысы жүрөк жана кант диабети менен жабыркап, кан басымы жогору экени айтылууда. Мындан улам мураскерди даярдоо иши тездетилген.

Буга чейин CNN телеканалы Ким Чен Ындын жүрөгүнө операция жасалгандан кийин абалы кескин начарлап кеткенин жазган.