Эки район тартип бузган жок. Коменданттык саат боюнча жалпы статистика

Акыркы жумаларда коменданттык саатты бузгандардын саны 100дөн аша элек. Ошол эле учурда эрежени көп бузган шаарлар дагы тизмеде өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана түндө республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында 83 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 59;
  • Жалал-Абад шаарында — 7;
  • Ош шаарында — 7;
  • Сузак районунда — 5;
  • Нарын шаары — 2;
  • Ат-Башы району — 3.

Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 3167 адам кармалды.