Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус чыкты

Коронавирус инфекциясынан улам бүгүнкү күндө Кыргызстандын төрт шаары менен төрт районуна өзгөчө абал режими киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 22 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Жалпы 612 учур катталды.

Вирус жаңы аныкталган 22 кишинин ону Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда, төртөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, төртөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Нарында.

Булардын арасында 10 медицина кызматкери бар экени айтылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.