Коронавирусту жугузуп алуу ыктымалдуулугу жогору учурлар айтылды

Илимпоздор буюм-тайым кармагандан кийин ооруну жугузуп алуу коркунучу өтө эле аз деген жыйынтыкка келишкен. Анткени алар иликтөөдө буюмдун бетинен вирусту таба алышкан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр — Sputnik. Германиянын Бонн университетинин ВИЧти изилдөө жана вирусология институтунун окумуштуулары коронавирусту жугузуп алуу ыктымалдуулугу жогору жолун аныкташты. Бул тууралуу изилдөөнүн авторлорунун бири Хендрик Стрек RTL Today менен болгон маегинде айтып бергенин РИА Новости жазды.

Илимпоздор буюм-тайымдарды кармагандан кийин ооруну жугузуп алуу коркунучу өтө эле аз деген жыйынтыкка келишкен. Анткени алар ар кандай буюмдун беттеринен тирүү вирусту таба алышкан эмес.

"Биз эшик туткаларынан, телефондордон жана ажатканалардан вирустун үлгүлөрүн алганбыз. Бирок ошол вирустарды лабораторияда өстүрө алган (культивация) жокпуз", — деген Штрек.

Анын айтымында, мисалы, бейтап колуна жөтөлүп туруп, бир буюмду кармашы мүмкүн. Анан ошол замат башка бирөө ал буюмга тийип, бети-башын кармаласа инфекцияны жугузуп алуу коркунучу жогору болот. Бирок жугуунун мындай учуру чанда кездешет.

Коронавирус — жасалма инфекция. Ухань лабораториясы айыптоого жооп берди
Адистердин маалыматы боюнча, коронавирустун тездик менен жайылышына адамдардын массалык иш-чараларда көп топтолуп, бири-бири менен узак убакыт тыгыз байланышта болгону себеп. Бул учурда дем алганда аба тамчысы аркылуу көп жуктурат деген жыйынтыкка келишкен.

Басылма Берлиндин Чарите университетинин вирусологу Кристиан Дростендин да изилдөөсүнө көңүл бурган. Анда коронавирус бат кургайт, ошондуктан аба аркылуу көп жукпайт деп айтылат.