БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 2 025ке жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
22-апрелге карата бир суткада коңшу мамлекетте 30 жаңы учур катталган.
Казакстанда коронавирус көп катталып жаткан аймактар:
- Алматы — 680;
- Нур-Султан — 401;
- Кызылордо облусу — 151;
- Шымкент — 103;
- Караганда облусу — 101.
Калган облустарында коронавирус жуктургандар жүздөн кем.
Коңшу өлкөдө коронавирустан 489 бейтап айыгып, 19 адам көз жумганы маалым болду.