ЖАМК: Сапар Исаков Петровка айылындагы абакка жөнөтүлөт

Адвокат бийликтен Исаковду УКМКнын тергөө абагына алып келүүнү талап кылууда. Себеби ал мамлекеттик сырды билген кызматкер деп жүйө келтирди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты ал 23-апрелде Петровка айылындагы абакка жөнөтүлөрүн билдирди. Маалыматты социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жактоочу Нурбек Токтакунов мурдагы премьер-министр Исаков Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан которулуп жатканын айтты. Муну менен катар эле Биринчи май райондук соту дагы бир иш боюнча мурунку аткаминердин жоопкерчилигин карап жатат. Адвокат бийликтен Исаковду УКМКнын тергөө абагына алып келүүнү талап кылууда. Себеби ал мамлекеттик сырды билген кызматкер деп жүйө келтирди.

Бүгүнкү соттук процесске катышуудан баш тарткан Атамбаевдин абалы айтылды
Анын башка жактоочусу Замир Жоошев Исаков боюнча дагы бир кылмыш иши каралып жаткандыгын айтып, экс-премьердин сот жараянына катышуусу жана өзүн-өзү коргоосуна мамлекет кепилдик бериши керектигин белгиледи. Петровкага которулганда айыпталуучу мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат.

Жоошев бул аракеттердин бардыгын эки стандарттуу иш деп баалады. Бир иш боюнча айыпталып жаткан башка жарандар өкүмдү күтүп №1 тергөө абагында же УКМКнын тергөө абагында эч жакка которулбай отурат.

Ал эми Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан 22-апрелде №1 тергөө абагында атайын комиссиянын отуруму болгонун кабарлашты. Комиссия 86 адамдын жаза мөөнөтүн кайда өтөрүн жана кандай шартта темир тордун артында отурарын караган. Аны менен кошо эле экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун жаза өтөө шарттары каралган.

Жазык кодексинин 72-беренесине ("Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды өтөөчү жерлер") ылайык, атайын комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алган:

Жазасын жалпы тартипте өтөө үчүн Исаков №8 абакка, Сатыбалдиев №47 (Бишкек) абакка, Авазов №27 (Молдовановка айылы) түрмөгө которулары айтылган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.