Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди

Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. Болгону 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер катышты. 

Төкмө акын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы калды, эки небереси калды.