Бишкекте коронавирус аныкталып оор абалда жаткан 53 жаштагы аял каза болду

Буга чейин коронавирус аныкталган жети кишинин каза тапканы айтылган болчу. Ал эми бул бейтап Бишкекке Кеминден келген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Коронавирус аныкталып, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада оор абалда жаткан 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Бейтап 5-апрелде борбор калаадагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага оор абалда келип түшүп, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкекте коронавирус жуктургандар эмнеге көбөйүп жатат? Министрликтин жообу
Ага чейин ал 1-5-апрель күндөрү Кемин районундагы ооруканада дарыланып жатканы айтылат. Маркумдун вирустан тышкары кант диабети менен жүрөк дарттарынан жабыркап келгени, мындан тышкары кан басымы жогору экени белгилүү болду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны сегизге жетти.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 612 адамдан аныкталса, 254ү айыкты. Жуктуруп алгандардын ичинен 157си медиктер.

Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.