БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө дистанттык окууга шарты жок 500гө жакын үй-бүлөгө телевизор берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда дистанттык окутуунун башталышы менен Ысык-Көл облусу боюнча атайын мониторинг жүргүзүлүп, 502 үй-бүлөнүн телевизорго муктаж экендиги аныкталган.
"Райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул көйгөй чечилип, жалпы 496 үй-бүлө сыналгылуу болду. Биринчи кезекте мектеп, бала бакчалардагы телевизорлор муктаж үй-бүлөлөргө пайдаланууга берилди. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча телевизорлорун убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышты. Ошондой эле айрымдардын бузук телевизорлору оңдолуп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү муктаж окуучуларга 15 даана телефон белекке берди. Ошондой эле "Сен жалгыз эмессиң" демилгеси аркылуу тогуз телефон жана бир планшет элден чогултулуп, муктаж окуучуларга берүүгө даярдалып жатканы айтылды. Учурда телефону жокторго жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.
Эгер дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, кеңеш суроо үчүн ыкчам байланыш номерлери бар. Алар: 0550-512-075, 0550-801-026, 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355 жана 8569 кыска номери.