WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 34 жыл мурдагы абалына түштү

Акыркы маалыматтарга караганда, WTI үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин баасы 8 доллардан бир аз эле көтөрүлдү. Бул ирет 34 жыл мурдагы рекорд кайталанганы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Майдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кетти. Бул тууралуу Russia Today сатык маалыматтарына таянып билдирди.

Буга чейин анын наркы 10 долларга чейин төмөндөп, 1986-жылдын 1-апрелиндеги деңгээлге түшкөн.

20-апрелдин саат 19:29дагы (Москва убактысы) маалыматтарына таянсак, фьючерс рыногундагы WTI мунайынын майдагы коюлган баасы бир баррелине 8,85 деп эсептелген.

Мунай рыногундагы абал жана доллардын курсу

Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Себеби
ОПЕК+ өлкөлөрү 6-мартта мунай казууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин параметрлерин өзгөртүү боюнча да, келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе алышкан эмес. Натыйжада 1-апрелден тарта мурдагы альянстын курамындагы өлкөлөрдө мунай өндүрүүдө чектөөлөр жоюлган. Бул менен катар коронавирус пандемиясы да мунай рыногундагы кырдаалды курчуткан. Долларга карата рубль арзандап, анын кесепетинен сомдун курсу да түшүп кеткен. Доллар 85 сомго чыккан.

Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин ОПЕК+ альянсынын өлкөлөрү мунайды өндүрүүнү 1-майдан тарта суткасына 9,7 миллион баррелге азайткан.