Биз сиздерге бүт Кыргызстанды жарыктандыруу кандайча ишке ашканы тууралуу айтып берүүнү чечтик. Көрсө убагында Токтогул ГЭСин куруу үчүн 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келиптир. Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу сактагычтын алдында калган.
100 жыл ичинде Кыргызстан болуп көрбөгөндөй секирик жасаган. Мисалы, 1917-жылы республикада өндүрүлгөн электр энергиясы болгону 180 лампочканы жандырууга жетсе, азыр болсо мамлекет электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга экспорттоп келет.