Кыргызстандын кайсы аймагында канча адам вирус жуктурду. Бүгүнкү статистика

Коронавирус Кыргызстандын алты облусунан тең табылып, 590 учур катталды. Бир гана Таласта вирус жуктургандар жок.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. Кыргызстанда 21-апрелге карата COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 590го жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруган жарандар кайсы аймактарда жашай турганы боюнча маалымат берди.

  • Ош облусу – 150 адам;
  • Жалал-Абад облусу – 105;
  • Бишкек – 123;
  • Ош шаары – 93;
  • Нарын облусу – 73;
  • Чүй облусу – 32;
  • Ысык-Көл – 8;
  • Баткен облусу – 6.

Илдет жуктуруп алгандардын 321и аялдар болсо, 269у эркек.

Министрлик: Түркиядан келген кыргызстандыктар үй карантинине чыгарылды
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.