Бишкекте көп. Түндө коменданттык саатты бузгандардын саны

Түндө Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежесин эч ким бузган эмес. Кармалгандар болсо коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кечээ саат 21:00дөн бүгүн 6:00гө чейин республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 114 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, беш автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

  • Бишкек шаарында — 91;
  • Жалал-Абад шаарында — 3;
  • Ош шаарында — 6;
  • Сузак районунда — 1;
  • Нарын шаары — 8;
  • Ат-Башы району — 5.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда мындай факты катталган эмес.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 3084 адам кармалды.