Ооруканада болчу. Элмирбек Иманалиевдин эмнеден көз жумганы айтылды

КР эл артистинин төкмөлүктөн тышкары обончулук, акындык, манасчылык өнөрү бар болчу. Анын калеминен жаралган ырлар көптөгөн аткаруучулардын репертуарына кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев ооруканада үзүлдү. Бул тууралуу төкмөнүн жакындары билдиришти.

Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Маалыматта кант диабетинен жабыркап жүргөн акын ооруканага бүгүн кечинде түшкөнү айтылды.

Эскерте кетсек, Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч кызы, үч уулу калды. Эки небереси бар.

КР эл артистинин төкмөлүктөн тышкары обончулук, акындык, манасчылык өнөрү бар болчу. Анын калеминен жаралган ырлар көптөгөн аткаруучулардын репертуарына кирген. Мындан тышкары, шакирттерди даярдап, азыркы өнөрпоздордун сап башындагы алп акын эле.