БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан 12 кишинин абалы оор, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
“Бардыгы 367 бейтап ооруканада дарыланууда. 12 кишинин абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө кармалып турат”, — деди Үсөнбаев.
Ал эми 355 адамдын абалы орточо жана канааттандырарлык экени белгиленди.
Белгилей кетсек, кечээ реанимацияда сегиз адамдын жатканы айтылган.
Ушул тапта өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 590го жетти. Ал эми ооруканадан жети киши каза болду.
Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.
Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.