БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Айдарбеков Кыргызстанга жардам берүү максатында польшалык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн кесиптешине ыраазычылык билдиргени айтылат. Ошондой эле эки өлкө ортосунда медицина жаатында түздөн-түз байланыштарды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланган.
Аны менен катар эле Польшадагы мекендештер тууралуу дагы кеп козголгон.
“КР жарандарынын абалын жеңилдетүү, анын ичинде студенттердин жана эмгек мигранттарынын саламаттыгын сактоо үчүн шарттарды түзүү маселеси ортого коюлду. Визалардын колдонуу мөөнөтүн узартууда Польша тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө талкууланды. Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү үчүн ар дайым байланышта болуп турушат”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары алар жакынкы убакта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашышкан.
Белгилей кетсек, 19-мартта коронавирус менен күрөшүүдө кыргызстандык медиктерге жардам берүү үчүн Польшадан сегиз дарыгер келген.