ЖМК: актриса Анастасия Заворотнюкту дарылоо жанданды

Актриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Заворотнюктун жолдошу Петр Чернышев күнү-түнү жубайынын жанында. Актриса менен клиникада чогуу жашап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дарыгерлер актриса Анастасия Заворотнюкту дарылоону жандантышты. Бейтаптын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Sputnik радиосу ЖМКлардын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы айда актриса өзүн жакшы сезе баштаган.

Открытие бутика Bosco Fresh и вечер Apres-ski в ГУМе
Анастасия Заворотнюк күйөрмандарына ыраазычылык билдирди
"Заворотнюктун жолдошу Петр Чернышев күнү-түнү жубайынын жанында. Актриса менен клиникада чогуу жашап жатат. Заворотнюкту химиотерапияга башка клиникага, нейрохирургдарга алып барыш керек. Бул учурда жолдошу аны ары-бери ташууга жардамдашып, жанында болууда", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.