Россиялык жаран Арашан айылына 2,5 млн. сомдук белек даярдады

Консул мындан сырткары Түштүк Сахалинде жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын балдары үчүн кыргыз тилиндеги китептерди алууга жана тилчи мугалим тартууга ниети бар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik, Айгүл Ниязалиева. Камчатка аймагы менен Сахалинск облусундагы КРдин биринчи ардактуу консулу Владимир Трофимов кыргызстандык балдар үчүн окуу китептердин акчасын төлөп берди. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди. 

Россиялык жаран Арашан айылына 2,5 млн. сомдук белек даярдады

Кыргыз элчилиги бир айда 17 600 тест-система берген Россияга ыраазычылык билдирди
2,5 миллион сомдук кайтарымсыз жардам Аламүдүн районундагы Арашан айылында орун алган Стрельникова атындагы мектепке берилди. Бул акчага 1–11-класстар үчүн кыргыз жана орус тили боюнча китептер сатып алынды. Жардам Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында жасалды.

Элчиликтен консул Түштүк Сахалинде жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын балдары үчүн кыргыз тилиндеги китептерди алуу жана тилчи мугалим тартуу мүмкүнчүлүгүн да караштырып жатканын билдиришти.

Ал эми Трофимов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына балалыгы Арашанда өткөндүгүн айтып берген.

"Мен дал ушул айылда чоңоюп, экинчиден тарта тогузунчу класска чейин окудум. Андан кийинки жашоо Кыргызстандын тыш жагында болду. Бирок бул мекендештерим менен байланышып турууга жолтоо болгон жок. Мүмкүнчүлүккө жараша Сахалинде аларга жардам берип турабыз. Мындай жеңил эмес учурда өсүп келе жаткан муунга жардам көрсөтүү мен сыяктуу Кыргызстанда өскөн, учурда колунда бар башка адамдарга өрнөк болот деп ойлойм", - деди Трофимов.

Ал Кыргызстанга май айында Акыркы коңгуроо салтанатына келип, китептерди тапшырууга ниеттенгенин кошумчалаган.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары токтоп калгандыктан, өзгөчө абалдын аякташын күтөрүн айткан. Андан кийин гана китептердин кайсы учурда мектепке тапшырылары белгилүү болот.