Ош коменданты баласын урган ата-энелерге кеңеш айтты

Комендант ата-энелерди өзүнүн кийинки урпагы болгон балдарга сабак окутууда өтө аяр мамиле кылууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ансыз да үйдөн чыкпай кысылып жаткан баланы ур-токмок менен сабак окутуу туура эмес. Бул туурасында Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Комендант балдарына бир тапшырманы аткартуу үчүн артынан түшүп урушуп, кээде ата-энелик укугунан аша чаап кеткен учурлар интернет булактарына чыгып жатканын эскертти.

“Бул зээнди кейитет, ата-эне мындай болбошу керек. Ал сиздин урпагыңыз, балким ошол сиз урушуп жаткан баладан эртең Ибн Сина, Гиппократ же дүйнөнү дүңгүрөткөн, Кыргызстандын желеген желбиреткен бир инсан чыгышы мүмкүн. Окуй албай жатса башынан сылап коюңуздар. Ал бала деле үйдө отура берип сыгылышы мүмкүн. Ур-токмок менен баланы тарбиялабайт. Бала — өзүбүздүн келечек. Башка бирөө баласын бербейт бизге. Кийинки мурасыбызга сабак окутууда өтө аяр мамиле кылсак демекчимин”, — деди комендант.

Белгилей кетсек, өткөн жумада социалдык тармактарда өз баласын спорттук көнүгүү жасабай койгону үчүн аёосуз сабап жаткан атанын видеосу чыгып талкууга алынган. Учурда ал киши менен укук коргоо органдары иш алып барууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.