БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр миңдеген кыргызстандыктарды убактылуу жумушсуз калтырды. Айрыкча кызмат көрсөтүү тармагында иштеп, күнүмдүк акча тапкандар кыйналууда. Ал эми орто жана чакан бизнестин айрым түрлөрү таптакыр ишин токтотуп, карантин бүткөн соң кантип кайра бутуна турарын билбей турган учур.
Sputnik Кыргызстан редакциясы кызмат көрсөтүү менен алектенген кыргызстандыктар азыр кантип күн көрүп жатканына кызыкты. Айрымдары атын атабай турганыбызды уккан соң айласыздан жашыруун иштеп жатканын айтып берди.
Мисалы, буга чейин таксист болуп иштеп жүргөн Бишкек тургуну азыр дагы заказ ала коюп жатканын жашырган жок.
"Кичинекей эки балам бар. Тамакка акча жок, ачка отура тургула деп түшүндүрө албайм да. Экинчи жагынан биз менен 81 жаштагы апам жашайт. Мен вирус жуктуруп алсам, ага дагы жабышпайбы деп сарсанаа болом. Бирок вирустан сактанып отурсак, ачкадан өлүп калчудайбыз. Акыркы күнгө чейин коменданттык саатты узартпайт деп ишенип, үйдөн чыккан жокмун. Аны узарткан соң айла калган жок”, — деди айдоочу.
Борбордогу сулуулук салондорунун биринин кожойкеси өзгөчө абалга карабай, бүгүндөн баштап бир нече кардар кабыл аларын айтты.
Ал эми маникюр салонунда иштеген студент кыз кардарлары менен жолугуунун башка жолун таап алыптыр. Акыркы төрт күндүн ичинде төрт кардардын үйүнө барып, тырмактарын жасап бергенин айтат.
“Акчам карантиндин башында эле түгөнүп калган. Анын үстүнө Ак-Талаада жашаган ата-энеме акча салып турам. Экөө тең иштебейт, күнүмдүк тамак-ашка каражат керек да баары бир. Кыздар чалып, тырмагымды жасап бер деп суранганынан карантин бүтсүн деп тартипти бузгум келбей жүргөн. Бирок айлам жок калды. Курбулардан карызга сурай берип уялып бүттүм”, — дейт атын атагысы келбеген маникюр адиси.
Сокулук районунда жашаган сантехник дагы ушундай эле абалда жүргөнүн баяндап берди. Анын айтымында, күн сайын чакыргандардыкына барып, 200-300 сомдон акча табат. Көп эмес, бирок күнүмдүк чай-тузга жетип жатканына ыраазы.
Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү бир топ эле кыйналып жатканын Кыргызстандын ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Эрлан Ерешеев тастыктады.
Анын айтымында, көпчүлүк ишкерлер өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып салууну бизнести банкрот абалына кептөө, жумушсуздук жана элди жакырлантуу деп баалап жатышат. Жыйынтыгында өлкө бюджетине эле күч келери дагы кошумчаланды.
Ал эми кыргыз өкмөтү өткөн аптада акырындык менен экономиканы калыбына келтирип, жумушсуздукту жоюу үчүн бизнестин айрым түрлөрүн жандандыра баштаарын маалымадаган. Ишканалар иштеп баштаганда биринчи талап — алар вирустун жайылып кетишине себеп болбошу керек. Бирок мөөнөтү жана кайсы тармактар экени айтылган жок. Бул максатта өкмөт 14 миллиард сом тапканын вице-премьер Эркин Асрандиев билдирген.
Өзгөчө абал режиминин узартылышы
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал апрелдин аягына чейин узарды. 15-апрелден тарта бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду. Эми коменданттык сааттын эрежеси боюнча кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.
ӨА режимин бузгандарга жаза
Бирок айрымдар мындай жазага карабай, үй-бүлөсүн багуу максатында тобокелдиктерге барууда.