Кош бойлуулар коронавирустан кантип коргоно алат. Гинекологдун кеңеши

Дарыгердин айтымында, коронавирус кош бойлууларда башкаларга салыштырмалуу татаалыраак өтөт. Андыктан аял өз ден соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кош бойлуу аялдар өзүн COVID-19 вирусунан сактоо үчүн изоляциянын шартын эки эселеп кармануусу керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна акушер-гинеколог Любовь Ерофеева айтып берди.

“Мисалы, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү дүкөнгө, дарыканага, банкка баруу сыяктуу зарыл иштер менен сыртка чыгып келип жатса, кош бойлуу аял бул жагынан дагы өзүн чектеши керек. Анткени кош бойлуулук ансыз деле өнөкөт ооруларды козгоп, организмге өзгөчө кылдат мамиле кылууга мажбур кылат. Ал эми буга кошул-ташыл болуп вирус жабышса, аял бир топ кыйналып калат”, — деди Ерофеева.

Анын айтымында, бул учурда аял ого бетер ашыкча салмак кошуп албашы үчүн үйдүн ичинде ары-бери көп басып, үй оокаттарын жасай бериши керек.

Гинекологдор кош бойлуу аялдарды бейтапканага келтирбей, онлайн кеңеш берет
Ошондой эле дарыгер коронавирус кош бойлуу аялдарда башкаларга салыштырмалуу татаалыраак өтөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарында үч кош бойлуу коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Саламаттык сактоо министрлиги келиндердин жана түйүлдүктөрдүн абалы жакшы экенин, күнү-түнү көзөмөлдө болуп жатканын билдиришкен.