БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаарынан төрт, Чүй облусунан эки, Ош шаарынан төрт, Жалал-Абад облусунан үч, Нарын облусунан бир кишиден аныкталды. Ал эми жалпы байтаптардын саны 568ге жетти", — деди Үсөнбаев.
Өткөн суткада эки адам каза таап, коронавирус аныкталып көз жумгандар жетөө болду.