Ат-Башынын 7 айылын коронавирус аралап, эпидемиялык абал курч

20-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 68ге жетсе, анын 52си Ат-Башы районунда. 52 учурдун ичинен төртөө медицина кызматкери.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ат-Башы району боюнча жети айылдын тургундарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу райондук штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жети айылдын ичинде Ат-Башы, Ак-Жар, Бирлик, Ача-Кайыңды, Казыбек, 1-май, Терек-Суу бар. Аталган райондо эпидемиялык абал дагы деле курч бойдон.

"20-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 68ге жетсе, анын 52си Ат-Башы районунда. 52 учурдун ичинен төртөө медицина кызматкери", — деп айтылат маалыматта.

Эпидемия күч алгандыгына байланыштуу өкмөт Ат-Башыга дарыгерлердин эки тобун жөнөткөн. Азыркы тапта алар райондук ооруканада кызмат өтөп жатышат.

Ат-Башынын айылдары дельталёт менен асмандан дезинфекцияланат
"Бизге кошумча күч катары Бишкек шаарынан сегиз, Нарындан эки дарыгер келди. Ошону менен зарыл болгон эпидемиолог, кардиолог, балдар дарыгери, гинеколог жана башка адистер менен толукталды. Бардыгына тийиштүү шарттар түзүлүп берилди", — деди райондук оорукана жетекчилиги.

Район боюнча бир бейтаптын абалы оор экендиги кошумчаланды.

Эске салсак, коронавирусту жайылтпоо максатында Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык чектөө чаралары күчөп, кечки саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.