Жогорку чекке жете элек. Коронавирус менен алышып жаткан коңшу өлкөлөр

Өзбекстанда коронавирустан айыккандар күн санап көбөйүүдө. Ал эми Казакстанда коронавирус жогорку чекке жете электигин президент Касым-Жомарт Токаев айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам коңшу жана өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга абай салды.

Өзбекстан

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Бул мамлекетте COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 1565ке жетти. Ошентсе да илдет менен кошуна өлкө колунан келишинче күрөшүп жатат. Анын жыйынтыгы — өлгөндөр аз, айыккандар көп.

Вирус беш адамдын өмүрүн алса, акыркы маалыматтар боюнча, 225 киши айыкты.

Кыйын кырдаалда бийлик элге колдоо көрсөтүүнү токтоткон жок. Баса, Өзбекстанда карантин 10-майга чейин узартылды.

Казакстан

Нобель сыйлыгынын ээси: COVID-19 вирусу лабораторияда иштелип чыккан
Бул өлкөдө коронавирус кулачын жайып баратат. Өлкөдө коронавирус аныкталган 1735 учур катталган. Анын көбү ири шаарларында. Казакстандын борбору Нур-Султанда 381 кишиден коронавирус табылса, Алматыда 525ке жетти. Дарттан 401 киши айыгып үйлөрүнө чыкты, ал эми вирус жуктурган 19 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элин карантин эрежелерин сактоого чакырып, коронавирус өлкөдө жогорку чегине келе электигин айткан.

"Казакстанда COVID-19 илештирип алгандар көбөйүп жатат, бирок геометриялык прогресс менен эмес. Вирус жогорку чегине келе элек. Мындан улам карантин эрежелерин сактап туруңуздар", — деген Токаев.

Россия

Кыргызстандык мекендештер миңдеп, миллиондоп жүргөн Россияда коронавирус жуктургандардын саны тез эле өсүп кетти.

Коронавирусту түп орду менен жок кылчу температура айтылды
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус 42 853 адамдан табылды. Дүйнө жүзү боюнча вирус көп катталып жаткан мамлекеттердин арасында Россия 10-орунда турат. Каза болгондордун саны 361ди түзөт. Ага карабай, Россия коңшуларга жана алыскы чет өлкөлөргө жигердүү көмөк көрсөтүүсүн улантып жатат. Россиялык адистер Италияда иштеп жатса, медициналык каражаттары менен жабдуусун АКШ менен Сербия колдонууда. Мындан сырткары, коңшу мамлекеттерге да бир топ жардам берилип жатат.

Кытай

Кыргызстандын түштүк-чыгышы менен чектешкен Кытайда абал турукташып калды. 80 миңдин тегерегиндеги сан кармалып турат. Дароо өсүп кеткен жок, бирок бирин-серин коронавирус жуктургандар катталууда. Кытайда жалпы 83 817 учур катталды. Буга чейин ЖМКлар Кытайда вирус жуктуруп алгандардын 90 пайызы айыкканын жазышкан.

Кыргызстан

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. Адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги ушул аптага туура келерин божомолдоп жатат.