Банктар депозиттердин мөөнөтүн же пайыздык ченин бир тараптуу өзгөртө албайт. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда банктар туруктуу иш алып барып, аманаттарды төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
"2020-жылдын 1-мартына карата депозиттердин жалпы көлөмү 150 миллиард сомду түздү. Депозит боюнча банк менен жарандын ортосунда атайын келишим бар. Анда пайыздык чен, мөөнөтү, суммасы — бардык милдеттер каралган. Мыйзамга ылайык, буларды банктар бир тараптуу өзгөртүүгө акысы жок. Учурда алар туруктуу иш алып барышууда, бардык милдеттемелерин төлөп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан аманатчылар өздөрүнүн каражаты үчүн кам санабай эле койсо болот. Анткени учурда ишкерлектин айрым түрлөрү токтогону менен кээ бирлери иштеп жатат. Ошол эле азык-түлүк, тамак-аш, медицина, фармакология боюнча бизнестер токтогон жок. Алардын кирешеси өз ордунда жана насыяларды төлөй алышат", — деди Карабаева.
Адис эгер банк банкрот болуп калса, депозиттерди 200 миң сомго чейин төлөп берүү кепилдиги өзгөчө абал экенине карабай ишке аша турганын кошумчалады.