ӨКМ: 100дөн ашуун куткаруучу имараттардын ичи-тышын дезинфекциялады

Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраагы, дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кечээ, 18-апрель күнү, өлкө боюнча 38 645 чарчы метр имараттын ичи, 131 370 чарчы метр имараттын сырты жана жалпы 170 015 чарчы метр аймак дезинфекцияланды. Бул иш-чарага 100дөн ашуун куткаруучу тартылганын ӨКМ билдирди.

Оштун милициясы эки дезинфекциялоочу туннель белекке алды
Билдирмеге ылайык, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраагы, дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган адамдарга ведомство тарабынан күн сайын үч маал ысык тамак берилип жатканы кошумчаланды.

Ал эми 112 ыкчам номерине өткөн сутка ичинде жалпы 6857 чалуу катталып, анын ичинен 576сы коронавирус боюнча сурашкан. Нөөмөттөгү диспетчерлер аларга жооп берип жатканы маалымдалды.