Капотко сүйрөлүп, жерге жыгылып... Бишкекте милиционерди сүзгөн учурдун видеосу

Окуя жума күнү болгону маалымдалды. Шектүү инспектордун талаптарына баш ишбей, аны капотуна сүйрөтүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Интернетке Бишкектеги санитардык-карантиндик постто турган Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун унаа койдуруп кеткен учурдун видеосу тарады. Ал "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Кадрдан унаа жүрүп баратканда милиционердин ага сүйрөлүп баратканын көрүүгө болот. Бир аз убакыттан кийин жерге кулаган.

Бишкек комендатурасы милициянын унаасы катышкан кырсык тууралуу үн катты
Эске сала кетсек, 17-апрель күнү саат 12:40тарда борбор калаанын Салиев жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу милиционерди сүзүп, из жашырып кеткени айтылган. Инспектор ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү изделип жаткан. Көп өтпөй милиция кызматкерин сүзүп кетти делген айдоочу укук коргоо органдарына өзү келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.