Жекшембиге карата аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 19-апрель, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Нарын, Ысык-Көл аймактарында күндүн табы +13…+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Ошто +22…+24, борбор калаада +21…+23 градус жылуу болот.