Стамбулдан келген кыргызстандыктардын анализи чыкты

Түркиядагы мекендештер Кыргызстанга чартердик рейс менен алып келинген. Алар учактан тейленип, түз эле обсервацияга жөнөтүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дарыгерлер кечээ, 17-апрелде, Стамбулдан келген бардык кыргызстандыктан анализ алышкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Кечээ күнү Бишкекке 200дөн ашык кыргызстандык жаран Бишкекке чартердик рейс менен жеткирилген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

Үсөнбаевдин айтымында, 198 адамдын анализи даяр болду. Алардын биринен дагы илдет табылган жок. Ал эми калган жүргүнчүлөрдүн тапшырган тесттеринин жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.