Рахмондун 33 жаштагы уулу тажик бийлигиндеги экинчи адам болуп калды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу үч жыл Душанбе шаарынын башчысы болуп турган. Быйыл андан да жогорку кызматка отурду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Рустам Эмомали Тажикстандын жогорку палатасынын (Мажлиси Милли) төрагасы болуп шайланды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу бул кызматка жума күнү парламенттин эки палатасынын жыйынынан кийин отурду. Аны ошол имаратта отурган атасы куттуктады.

Рахмон буга чейин Тажикстандын парламентин чакыруу боюнча Жарлык чыгарган. 27-мартта республикада жогорку палатага депутаттардын сенаторлорун шайлоо өткөн. 25 киши мажилистин жыйынында облустардын, райондордун жана шаарлардын элдик депутаты болуп шайланган. Дагы сегиз кишини Рахмон дайындаган.

Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты
Рустам Эмомали мамлекеттик бийликтеги экинчи киши болуп калды. Конституцияга ылайык, эгерде президент каза болуп же мамлекетти башкарууга жөндөмсүз болуп калса, бийлик Мажлиси Миллинин төрагасына өтөт.

Рустам президенттин улуу баласы, 1987-жылы туулган. Тажик улуттук университетинин "Экономика боюнча мамилелер" адистигин аяктаган. Буга чейин Тажикстандын Бажы кызматын, Коррупция боюнча агенттикти жетектеген. 2017-жылдын 12-январында мамлекет башчынын Жарлыгы менен Душанбе шаарынын мэри болуп дайындалып, спикер болгонго чейин ал кызматта иштеп турган.