Кыргызстанда дагы 17 киши коронавирус жуктурду

COVID-19дун жайылышынан улам Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги күн сайын маалымат берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 506га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Ош облусунан 5, Ош шаарынан 1, Нарын облусунан 11 киши илдетке кабылган. Алардын төртөө аял болсо, 13ү эркек киши. 

18-апрелге карата медиктерден илдет аныкталган жок.