Комендант: Бишкекте оор кылмыштардын саны азаюуда

Алмаз Орозалиевдин айтымында, 25-марттан 18-апрелге чейин борбор калаада Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 1048 факты катталды. Алардын ичинен 950сүнүн бети ачылды. Былтыр бул учурда 2828 учур катталган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкек шаарында оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайды. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

"25-марттан 18-апрелге чейин борбор калаада 1048 кылмыш катталды. Алардын ичинен 950сүнүн бети ачылды. Былтыр бул учурда 2828 факты катталган эле. Эң эле жагымдуусу оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азаюуда", — деди комендант.

Эске салсак, өткөн түнү коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны өлкө боюнча 93кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 74 учур Бишкек шаарында катталды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

COVID-19 кайсы аймакта канча кишиге жукту. 18-апрелге карата маалымат
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.