COVID-19 кайсы аймакта канча кишиге жукту. 18-апрелге карата маалымат

Вирус жуктургандар Ош облусунан көбүрөөк чыгып жатат, ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 506га жетти. Алдыңкы орундарда Ош жана Жалал-Абад облустары турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

COVID-19 жуктуруу фактысы катталган аймактардын статистикасы төмөндөгүдөй:

  • Ош облусу – 140;
  • Бишкек шаары – 102;
  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Ош шаары – 74;
  • Нарын облусу – 56;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Баткен облусу – 5.

Бүгүнкү күндө Талас облусунда бир дагы учур каттала элек.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Кыргызстанда дагы 16 киши коронавирустан сакайды
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.