Швеция ханбийкеси COVID менен күрөшүү үчүн ооруканага медайым болуп кирди. Сүрөт

Жумушка кирерден мурда ханбийке ооруканада иштөөнүн негизин үйрөтүүчү үч күндүк курста окуп, таанышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Швед ханбийкеси София коронавирус менен күрөшүү үчүн Стокгольмдогу ооруканага медайым болуп ишке орношконун The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

София — ханзаада Карл XVI Густавдын жалгыз уулу Карл Филипптин жубайы.

Турмушка чыкканга чейин ал моделдик бизнес менен алектенип, реалити–шоуларга катышчу.

Ал коронавирус пандемиясы маалында медиктерге жардам берүү үчүн 16-апрелден баштап Софиахеммет шаардык ооруканасында иштеп баштаган. Жумушка кирерден мурда ханбийке ооруканада иштөөнүн негизин үйрөтүүчү үч күндүк курста окуган.

Белгилей кетсек, коронавирустун жайылышы менен аталган өлкөдө медайымдардын жетишсиздиги курч бойдон калууда. Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги пандемия маалында медициналык кызматкерлердин түйшүгүн жеңилдетүү үчүн жумасына 80ге жакын каалоочуларды даярдап чыгарууда.

Аталган королдукта коронавирусту 12 500 адам жуктуруп, анын 1300ү каза тапкан. Муну менен катар өлкөгө өзөчө карантиндик абал киргизилген эмес. Мектептер, бала бакчалар жана ресторандар ишин толук кандуу улантып келишет.