COVID-19 менен күрөшүүгө жардам. РФ бир да өлкөнүн өтүнүчүн жерде калтырбайт

Москва коңшуларга жана алыскы чет өлкөлөргө жигердүү көмөк көрсөтүүсүн улантып келет. Видеодон КМШ мамлекеттери кандай жардам алып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктаган тесттерди бекер берет
Россия коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү суранган бир да мамлекеттин өтүнүчүн көз жаздымда калтырбайт. Бул тууралуу ТИМ жетекчиси Сергей Лавров билдирди. Вирус жаңыдан жайыла баштагандан тарта Москва коңшуларга жана алыскы чет өлкөлөргө жигердүү көмөк көрсөтүп келет.

Россиялык адистер Италияда иштеп жатат, ал эми Россиянын медициналык каражаттары менен жабдуусун АКШ менен Сербия колдонууда.

Ал эми КМШ мамлекеттери кандай жардам алып жатканын бул видеодон көрүүгө болот.