Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси

Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өмүрүн атамекендик кинематографияга арнаган инсанды эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Биздин ата-энелер кантип билим алган. Совет доорунда тартылган 18 сүрөт
Режиссёр Мелис Убукеев 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Сейиткерим Ибраимов совет мезгили орногон кезде белдүү саясий ишмер болуп, Коммунисттик партиянын Тажикстандагы шаардык комитетинин биринчи секретарлыгына чейин жеткен. Бирок 1937-жылы манап тукумунан чыккандыгына байланыштуу кандуу репрессияга кабылган. Апасы Галия Ибраимова кайраттуу, акылдуу аял болуп, убагында финансы министринин орун басары кызматын аркалаган.

Жаш Мелис атасына коноктоп келген кыргыз интеллигенттеринин, жазуучулардын арасында чоңойгон. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1961-жылы аяктайт. Бирок киного болгон сүйүүсү тынчтык бербей, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтүп, 2-курсунда "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин жазган. 1964-жылы дипломдук иши катары алгачкы толук метраждуу фильми "Тайгак кечүүнү" тартып, ал эмгеги менен кыргыз улутундагы режиссёр тарткан тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.

50 жашында 14 жашар Кычандын ролун аткарып... Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү
Кийин "Ак Мөөр", үч бөлүктөн турган "Саякбай", жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын, "Манастын ааламы" көркөм-публицистикалык эмгегин жарыкка чыгарган. Ошондой эле көрүүчүлөргө "Түбөлүккө кайрылуу" аттуу тогуз бөлүмдүк чыгармасынын бир сериясы да Манаска арналган. Мындан сырткары "Элеттик роман", "Оймолордун үнү" сыяктуу көркөм тасмаларга, даректүү фильмдерге автордук кылат. Алардын катарын "Советтер Союзуна кызмат кылам", Алыкул Осмонов тууралуу "Акын", Гапар Айтиев жөнүндө "Элдик сүрөтчү", "Түбөлүккө кайрылуу" тасмалары толуктайт. Ошондой эле 1972-жылы "Казакфильм" студиясы режиссёрду атайын чакырып, алардын сунушу менен "Кечки жол чети" телефильмин да чыгарган.

Мелис Убукеев үч жолу турмуш курган. Биринчи үй-бүлөсүнөн Бермет аттуу кыздуу болгон. Экинчи жолу көп жыл телевидениеде иштеген режиссёр Айсулуу Хамзамулинага үйлөнүп, бир уул, бир кызды тарбиялаган. Ал эми үчүнчү турмушунан бир баласы бар. Режиссёр 1996-жылы 27-июлда катуу ооруп, ооруканада каза болгон.

Кыргыздын залкар режиссёру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сайтынан окуңуздар

1 / 13
Жаш Мелис Убукеев Москвада 2-курста окуп жүргөндө "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин жазган
2 / 13
Замандаштар жана кесиптештер. Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
3 / 13
Кышында тоодо "Көрөгөч" тасмасын тарткан киночулар, камераны шыкаалаган режиссёр
4 / 13
"Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру, чыгармачыл топтун башында турган режиссёр
5 / 13
Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу мезгили.
6 / 13
Режиссёр Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков
7 / 13
Убукеев өзүнүн чыгармачылык жолунда "Манас" эпосуна, манасчыларга өтө жакын болгон. "Саякбай" тасмасын жаратуу учуру
8 / 13
Чыңгыз Айтматов менен Мелис Убукеев. Экөө тең Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аны кастарлаган
9 / 13
Актриса Айтурган Темирова, режиссёр Геннадий Базаров жана Мелис Убукеев
10 / 13
Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет
11 / 13
Ооруканага жатып калган Убукеевдин саламаттыгын сурап барган кесиптештери
12 / 13
Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев
13 / 13
Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу Мелис Убукеев оорудан улам 61 жашында көз жумган