Кыргызстанда орозо качан башталары белгилүү болду

Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Орозо 24-апрелде баштала турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта муфтият эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешкени айтылат.  

"Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн", — дешти муфтияттан.

Орозо 2021: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган болчу. Коопсуздук үчүн ооз ачуу жана намаздар үйдөн окулушу керектиги белгиленген.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 6-майга туура келип, айт 5-июнда болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын өлкө аймактары үчүн ооз ачуу жана ооз бекитүү маалы боюнча инфографика даярдаган.